Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Телаферден жарандар качып чыгууда

Лиз Гранде, жазуу түрүндөгү маалыматында миңдеген кишинин Телаферди таштап кеткенин, кагылышуулардан качкандардын ысык аба-ырайына карабастан 10-20 саат жол тартууга аргасыз болушканын айтты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Иракка жардам миссиясы (UNAMI), Телаферди ДЕАШтан тазалоо операциясынын башталышы менен бирге 30 миңден ашуун жарандын коопсуз аймактарга качканын жарыялады.

БУУнун Ирактагы гуманитардык жардам боюнча координатору Лиз Гранде, жазуу түрүндөгү маалыматында миңдеген кишинин Телаферди таштап кеткенин, кагылышуулардан качкандардын ысык аба-ырайына карабастан 10-20 саат жол тартууга аргасыз болушканын айтты.

Гранде: «Аймактан 30 миңден ашуун киши качкан абалда. Ок атышуулар болуп жаткан аймактардагы жарандардын абалы тууралуу колубузда маалымат жок. Бириккен Улуттар Уюмунун Иракка жардам миссиясы (UNAMI), алдыдагы күн жана апталарда миңдеген жарандын аймактан чыгарылышы үчүн даярдык көрүүдө»,деген серебин салды.

Гранде суу жана азык-түлүк түгөнгөн шаарда жарандар өлүмгө дуушар болушу мүмкүн экени менен эскертти.