Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусия Борбордук Азияда аскердик базаларын күчтөндүрөт

Орусия Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азияда аскердик базаларын күчтөндүрөт. Бул туралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн армиясы менен «Талибан» жана «Ислам мамлекети» террордук топторунун согушкерлери ортосунда кармашуу уланып жатат. Буга байланыштуу аталган аскердик окруктун башкармалыгы Борбордук Азия мамлекеттери менен биргелешкен аскердик окууларды уюштуруп жатат. Ошондой эле, министр өз сөзүндө Тажикстан аскерлери менен реактивдик системалар жана оперативдүү тактикалык авиция боюнча машыгуулар өткөзүлгөнүн айтып, жылдын экинчи жарымында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен бирге аскердик машыгуулар болоорун кошумчалады.