Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Испанияда бир сутка ичинде эки терракт катталды

Испанияда бир сутка ичинде эки терракт катталды. Тагыраагы: Испаниянын Барселона аймагында фургон жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетти. Найтыйжада 13 адам каза болуп, жүздөн ашык адам жабыр тартты. Ошол эле Испаниянын Камбрильс аймагында теракт болуп, 7 адам жаракат алды.
Маалыматка ылайык, фургон жөө жүргүнчүлөр тилкеси менен 400 метр аралыкта айдап барып, киоскко барып такалган. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу атайын жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү үчүн унааны мас адам сыяктуу айдаган жана окуя болгон жерден качып кеткен.
Жергиликтүү полиция кызматы ушул сыяктуу террор уюштурууга даярданып жаткан 4 террористти кармаганын кабарлады.
Учурда, айдоочу изделип жатат. Барселонадагы теракт үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчиликти алды.