Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сауд Арабия катарлык зияратчылар үчүн чек арасын ачат

Сауд Арабиянын падышасы Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауд катарлык зияратчылар үчүн чек араны ачууга буйрук берди. Бул тууралуу Al Arabiya телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, падыша катарлыктарды Дохадан хаджга бекер алып барууну жана бул максатта Сауд арабиянын учактарын колдонууну тапшырды.

Андан тышкары, эмир катарлык умра жана хаджка чыккандарды электрондук уруксаат кагазын алуудан бошотуп, баардык шарттарды түзүп берүүнү тапшырды.

Бул чечим эмираттын мураскор ханзадасы Мухаммеда бен Сальмандын Доханын эмиссары менен болгон жолугушуусунан кийин кабыл алынганы айтылууда. Жергиликтүү ММКлар бул кадам аркылуу ханзада Сауд арабия менен Катардын ортосундагы тарыхый бир туугандык мамилени көрсөтүү менен бирге шейхке бул маселеде жардам кылганы үчүн ыраазычылык билдиргенин маалымдашты.

Эске сала кетсек, эки тараптын бул жолугушуусу Перс булуңундагы мамлекеттер Катарга дипломатиялык байкот жарыялагандан бери биринчи жолугушуусу.