Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран АКШ менен түзгөн ядролук программадан чыгышы мүмкүн

Иран АКШ менен түзгөн ядролук программадан чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Иран мамлекетинин президенти Хасан Роухани парламенттин алдында билдирди.

Анын айтымында, АКШ Иранга карата санкция саясатын токтотпосо, ядролук программадан чыгат. Ошону менен бирге, АКШ өз катасынын үстүндө иштебесе, Иран бир нече саат аралыгында мындан дагы өнүккөн ишмердүүлүк абалына келет.

Андан тышкары, Роухани Трамптын климат боюнча келишимден чыккандыгын мисал келтирип, анын ишеничтүү өнөктөш эместигин айтты.

Эске сала кетсек, АКШ Иранга карата 2-август күнү жаңы санкцияларды киргизген. Буга карабастан, Ак-Үй Иран тарабынан «тынчтык атому» келишими боюнча милдеттерин аткарганын моюнга алышты.