Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:22
Шам
21:06
Куптан
22:23

КУРМАНДЫК ЧАЛУУ

Алгач курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алпаруу кажет.Малды мүмкүн болсо өз ээси сойгону дурус. Мүмкүн болбосо дайындаган өкүлү соёт. Малды соё турган адам курмандыкты кыбыла тарапка карата жаткырып, «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп мууздайт. Курмандыктын ээси жанында туруп төмөнкү аятты окуйт:
«Инна солаатии ва нусукии ва махйаайа ва мамаатии лиллаахи роббил-ааламиина лаа шариика лаху» (Анаам 162). Аяттын маанисин дуба иретинде да айтса болот. Аяттын мааниси төмөнкүчө: «окуган намазым, курмандыгым жана башка ибадаттарым, жашоо-өмүрүм жана өлүмүм ааламдардын эгеси Алла Таала үчүн гана. Анын эч бир шериги жок»

Шариятка ылайык мууздоо үчүн мал-жандыктын дем алуу түтүгүн, кекиртегин жана бул экөөнүн жанында орун алган эки күрөө тамырды кесүү зарыл. Мунун эң азынан үчү кесилсе жетиштүү болуп саналат.

Малды өткүр бычак менен мууздап, жаны чыкканга чейин башы денесинен бөлүнбөшү керек. Ошондой эле жаны чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.

Мал-жандыкты кыбыла тарапка каратып мууздоо сүннөт болуп эсептелет. Уй жана кой түрү сол ыптасынан жаткырылып, ал эми төө алдыңкы сол буту байланып өйдө турган калыбында мууздалат.