Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

КУРМАНДЫК

Курмандык – бул белгилүү учурда белгиленген шарттардын негизинде Жаратканга жакындоо, Ага ибадат кылуу ниети менен чалынган мал. Белгиленген өлчөмдө мал-мүлккө ээ мусулман адам үчүн Курман айттын алгачкы үч күнүнүн биринде курмандык чалуу важип болуп саналат. Калган үч мазхап боюнча, курмандык чалуу сүннөт. Куранда:«Эгеңе намаз оку жана курмандык чал» (Каусар 2).«Курмандык мал-жандыктарын силер үчүн Алланын белгиси катары жараттык…» (Хаж 36) деп буюрулат. Азирети Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Мүмкүнчүлүгү жете туруп, курмандык чалбаган адам биздин мечитке жакындабасын». Дагы бир хадисте: «О, эл-журт! Ар бир үй-бүлөгө ар жыл үчүн бир курмандык чалуу керек» делет.
Курмандык бул жаамы жандуу-жансыздын ээси Алла Таалага тооба келтирүүнүн, Ал ыроологон ырыскы-нематтарга карата шүгүрчүлүктүн, ыраазычылыктын белгиси. Ошондой эле курмандык кедейлер үчүн өзүнчө чоң жардам болот. Курман айттан башка учурларда ар күнү миңдеген мал-жандык союлса да, андан кедейлер пайдалана албайт. Ал эми Курман айтта курмандыктын этинен эң көп кедейлер пайдаланат.

I. КУРМАНДЫК ЧАЛУУНУН ВАЖИП БОЛУШУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ШАРТТАР

Төмөнкү шарттарга жооп берген адам үчүн курмандык чалуу важип болуп эсептелет:

А. Мусулман болуу

Б. Акыл-эси соо, балагатка жеткен болуу

В. Сапар учурунда болбоо

Г. Айт күндөрү негизги муктаждыктарынан тышкары курмандык чалуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу. Тагыраак айтканда, эң азынан 80 грамм алтын өлчөмүндө мал-мүлккө ээ болуу.