Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:22
Бешим
13:02
Аср
18:19
Шам
21:04
Куптан
22:17

Хижама деген эмне? Ал ден соолукка кандай таасир этет?

«Хижама» сөзү, «аль-халжм» сөзүнүн тамырынан келип чыгып, «сордуруу» деген маанини билдирет. Хижама – бул ар кандай ооруларды, кан чыгаруу жолу менен дарылоонун бирден-бир байыркы ыкмасы. Өзүнүн жөнөкөйлүгү жана натыйжалуулугунун аркасында, организмден бузулган канды чыгаруу жолу менен, көптөгөн оорулардан арылса болот.
Кан чыгаруу ыкмасы – өткөн кылымдардын, көптөгөн ооруларды дарылоонун эң кеңири тараган ыкмасы катары эсептелет. Бул ыкманы көптөгөн байыркы элдер: гректерден тартып, кытайларга чейин колдонушкан. Биздин доорго чейин эле, Мисирде жана Эки дарыя аралыгындагы өлкөлөрдө аталган ыкма колдонулганын тарыхый булактар тастыктаган. Хижаманын эң байыркы изи, 3200 жыл мурдагы Мисирде табылган. Муну Байыркы Мисирдин башчысы, Жаңы падышачылык династиясынын өкүлү, Тутанхамондун кабырынан, хижаманы элестеткен ар түрдүү сүрөттөр далилдейт.

1973-жылы, Кытайда, Цинь династиясына тиешелүү кабырдан, «52 дарт» деп аталган, медициналык китеп табылган. Аталган китепте, бамбук бутактарын, жаныбарлардын мүйүздөрүн колдонуп, хижаманы жасоо ыкмалары көрсөтүлгөн. Алгач, мүйүздү колдонуп келишсе, кийинчерек, бамбукту колдонууну үйрөнүшкөн. Аны менен бирге, канды чыгаруу үчүн колдонулган, жаныбарлардын мүйүздөрү табылган.

Ал эми Индияда, мындан 3000 жыл мурда, байыркы инди тилинде жазылган китеп табылып, анда хижаманы колдонуунун ар кандай жолдору баяндалган.

Белгилүү байыркы грек дарыгери, Гиппократ организмдеги канды чыгаруу, андагы төрт суюктуктун тең салмактуулугун сактап турарын белгилеген.

Хижама, орто кылымдарда өтө кеңири колдонулуп, баардык ооруларды дарылоодогу негизги ыкма болуп калган. Учурда, хижама ыкмасы элдин арасында, өзгөчө спротчулардын ичинде кеңири колдонула баштады.

Хижаманын органдар тутумуна тийгизген пайдасы

Белгилеп кетчү жагдай, хижаманын башкы артыкчылыгы, Мухаммед пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сүннөтүндө эскерилет. Ал айтты: «Анын дарылык күчү үч нерседе: балды жутууда (ичүүдө), канды агызууда жана аны күйгүзүүдө. Бирок, өзүмдүн үммөттөрүмө, күйгүзүүнү колдонууга тыюу салам».

Кан чыгаруу – машыгуунун жана организмдин өзүнүн функцияларынын жардамы менен калыбына келтирүүнүн натыйжалуу ыкмасы. Төмөндө, хижаманын ар түрдүү органдар тутумуна тийгизген таасирин карайбыз:Хижаманын териге тийгизген таасири

- Хижаманы кайталап жана туура ыкта колдонуу, чачтын өсүшүн жакшыртат. Анткени, бул ыкманы колдонгондон кийин, чач түймөкчөлөрү жанданып, теридеги кан айлануу жакшырат.

-Тер жана май бездеринин жигердүүлүгү жогорулап, теридеги тешикчелер ачылат. Бул көйгөйлүү териге жардам берип, теридеги безеткилерден жеңил арылууга шарт түзөт.

Хижаманын булчуңдарга тийгизген таасири

-Хижама булчуңдардагы кан айланууну жакшыртып, булчуңдардын түйүлүшүн жоёт.

-Хижама булчуң талчаларынын зарыл болгон кычкылтек менен камсыздалышын шарттап, булчуңдардын ишин жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.

-Хижама булчуңдардагы сүт кычкылын чыгарып, стресстен арылтат.

Хижаманын сөөктөргө жана муундарга тийгизген таасири

-Хижама муундардагы кан айланууну жакшыртып, ревматоиддик артрит менен байланышкан ооруну жеңилдетет.

-Хижама муундарга чогулган, заара кычкылынын туздары сыяктуу зыяндуу заттарды чыгаруу үчүн колдонулат.

Хижаманын тамак сиңирүү тутумуна тийгизген таасири

-Хижама ашказан ширесинин жана ичегинин ферментинин бөлүнүп чыгышын жакшыртуу үчүн колдонулуп, натыйжасында, тамак-аштын сиңирилиши жогорулайт. Ашказан менен ичеги жакшы иштей баштайт.

- Хижама боордун клеткалары карын алдындагы бездин ишин жигердентип, ишмердүүлүктөрүн жакшыртат.

Хижаманын канга тийгизген таасири

-Хижама кан тамырлардын кеңейишин шарттап, организмдеги кандын айлануусу калыпка салынат. Жүрөк-кан тамыр тутумунун иши жакшырат.

-Эритроциттердин саны жогорулайт (аз кандуулукта зарыл).

- Лейкоциттердин саны жогорулайт (вирустардан коргоо, залалдуу шишик оорусунун алдын-алуу жана иммунитеттин бекемдеши үчүн зарыл).

- Канды тазалайт

Хижаманын нерв тутумуна тийгизген таасири

-Хижама өнөкөт баш оору, жогорку кан басымы, стресс сыяктуу, симпатикалык нерв тутуму менен байланышкан баардык ооруларды дарылайт.

Хижаманы качан жана кантип жасайт?

Дарыгерлердин айтымында, так аныкталган убакыт чектери жок. Окумуштуулар белгилегендей, аталган жараянды, зарылчылык жаралган учурда жүргүзө берсе болот. Бирок, белгилеп кетчү жагдай, ат-Тирмизиден берилген хадистерде, кан чыгарууну, ай календары боюнча: 17, 19 жана 21-күндөрү жүргүзсө натыйжалуу болоору белгиленген.

Имам Абу Дауд, шейшемби күндөрү хижама кылуу жагымсыз экендигин белгилеген. Ислам дарыгерлери, хижаманы айдын экинчи жарымында же үчүнчү аптасынан баштап жүргүзүүнү сунушташкан. Түш оогондон кийин, саат 14:00-15:00 чамасында, жеңил тамактангандан кийин же ачкаарын жүргүзүү таасирдүү.

Ибн Кайма аль-Жавзия айткан: «Мухаммед пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) денесинин ар кайсы бөлүгүнөн кан алдырган. Баардыгы зарылчылыктан, муктаждыктан жана шарттардан көз каранды болгон».

Кан чыгарууну, кадимки эле инъекциялык ийненин, атайын банканын жардамы менен, же болбосо «кан алган адистердин» кызматын колдонуп жүргүзсө болот. Мындан тышкары, медициналык сүлүктү да колдонсо болот. Аны жүргүзүү оорусуз өтүп, кандын агымына пайдалуу биологиялык жигердүү заттарды бөлүп чыгарат.

Кан чыгарууну баштаар алдында, тиешелүү жерге тминдин майын сүртүп, атайын банканы жана лезвияны тазалайт. Андан ары, банканы тиешелүү жерге жайгаштырып, кичинекей соргуч (насос) менен банкадагы абаны сордурат. 3-5 минуттан кийин, тери кочкул-кызыл түскө боёлот да, банканы алып салат. Тиешелүү жерлерди лезвия менен тилип, банканы кайра жайгаштырат. Кайрадан банканын ичиндеги аба сордурулуп, андан ары вакуумдун эсебинен, организмдеги «булганч» кандар организмден чыга баштайт.

Хижамага каршы көрсөтмөлөр

Хижамада кандайдыр-бир каршы көрсөтмөлөр жок. Бирок, аялдар физиологиялык жактан кан жоготушу менен байланыштуу, кээ бир чектөөлөр бар:

- 12 жашка чейин жана 80 жаштан кийин.

- Кандагы канттын жогорку деңгээли.

- Бөйрөктүн жетишсиздиги.

- Кош бойлуулуктун алгачкы төрт жумасы.

- Этек кирдин келиши (экинчи күнүнөн, акыркы күнүнө чейин).

- Кандын начар уюшу.

- Аз кандуулук жана төмөнкү кан басым.

- Психикалык кеселдер.