Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:03
Аср
17:23
Шам
20:16
Куптан
21:23

Исламда ыбадаттын мааниси

Ыбадат Улуу Аллага тазим кылуу үчүн аткарылган кыймыл. Ыбадат жасалуусу сооп болгон жана Аллага жакындыкты билдирген кыймыл аракет. Адамды Алла катында баалуу кылган нерсе аң – сезим. Адамдын абалын түздөн түз Аллага билдирүүсү. Өспүрүм чагына келген мусулман ыбадат кылуу менен жооптуу.

Кураанда адамдын жаратылуу максатынын ыбадат экендиги белгиленген. Азырети Пайгамбар ыбадаттын Алланын кулдарынын үстүндө акысынын бар экендигин айткан. Ошондуктан ыбадат кулдун напсисиндеги каалоолорун таштап Алланын эркине баш ийүүсү жана ал каалагандай жашоосу. Ээ болгон бардык нерсени өзүнө берген Аллага рахмат айтуунун жолу ыбадат. Кураанда ыбадат түшүнүгү исламдын бардык өкүмдөрүн ишке ашырууну, буйрук жана тыюу салууларына баш ийүүнү камтыган кенен бир алкакты билдирет. Бирок тар мааниде карай турган болсок, орундатылуусу кааланган иретүү ыбадаттар экендиги билинет. Пайгамбарыбыз : «Ислам беш негиз боюнча курулган. Алладан башка илахтын жок экендигине жана Мухаммеддин Алланын Расулу экендигине шахадат келтирүү, намаз кылуу, зекет берүү, рамазан орозосун кармоо»,- деп ыбадат кылуудагы парздарын тизмелеген. Өзүнөн маалымат алууну каалагандарга да парз ыбадаттарын айтып түшүндүргөн, ислам менен ыйманды негизги парз ыбадаты менен дал келтирген. Жибрил деген хадисте да ушундай түшүндүргөн. Булардын баары парз ыбадаттарынын мусулман үчүн болбосо болбой тургандарынын бири катары көрсөтүүдө.

Диндин буйруктарын орундатуу менен милдеттүү болгон мусулмандын турмушунун ар бир учурун камтыган ыбадаттардын күнүмдүк, жумалык, жылдык жана өмүрдө бир жолу жасалган түрлөрү бар. Күнүмдүк жасалуусу керек болгон ыбадат беш убакыт намаз. Жума намазы жумада бир жолу окулат. Орозо, зекет, майрам намаздары жана Курман айтта курмандыкка чалуу, жыл сайын кайталануусу керек болгон ыбадаттар. Ажылык болсо өмүрдө бир жолу болот. Булардын тышында белгилүү бир мезгилге караштуу болбостон окулган жаназа намазы, атак атоо, нафил намаз, садага, дуа жана зикир сыяктуу ыбадаттар да бар. Ар бир ыбадаттын өзүнө жараша шарттары бар.

Мусулмандар үчүн ар бир темада болгондой эле ыбадат жана кулдукта да пайгамбар мисал болот. Анын турмушуна жана хадистерге караганыбызда мусулмандын турмушунда сүннөт жана нафил ыбадаттардын да абдан маанилүү экени көрүнөт. Ушул негиз боюнча пайгамбарыбыздын бул хадиси абдан көңүл бураарлык. «Алла Таала мынтип айткан: «Кулум, мага парз кылгандарынан дагы сүйкүмдүү нерсе менен жакындай албайт. Кылынбаган ыбадаттар менен да мага жакындоого аракет кылууну улантат. Натыйжада мен аны жакшы көрөм. Аны жакшы көргөндүктөн мен анын уккан кулагы, көргөн көзү, кармаган колу, баскан буту сыяктуу боломун. Менден каалаганды ага берем. Мага баш калкалаганда аны коргоймун». Хадис нафил ыбадаттардын Алла кабатында баасын ачыкча ортого салууда.

Пайгамбарыбыз ыбадаттын аз да болсо сөзсүз болушу керекткигин белгилеп кулдук аң – сезиминин дайыма жандуу кармалуусун айткан. Айрыкча турмуштун ар бир тармагына байланыштуу жасалган жакшылыктардын да ыбадат экендигин баса белгилеген. Ушунун негизинде жардам сураганга жардам берүү, салам берүү, жакшы сөз сүйлөө, бирөөгө жол көрсөтүү, адилеттик менен өкүм чыгаруу, үй – бүлөнүн турмушу үчүн иштөө, ата – энеге жакшылык кылуу, жетимдин башын сылоо сыяктуу кыймылдар ыбадат катары каралган.

Ыбадаттар Алланын буйругу болгондуктан жана Алланын ыраазычылыгына ээ болуу максатында жасалат. Муну менен бирге ыбадаттарда кээ бир сөздөр, материалдык жана руханий пайдалар бар. Ыбадаттар кулду Аллага жакындатат, кыйынчылык жана күнөөлөрдөн коргойт. Ахлактык жактан жетилтет. Материалдык ач көздүктөн куткарып жана рухун жогорулатат. Кишини тартипке салып, эркин күчтөндүрөт. Адамдын бир бирине шайкеш, тең салмактуу жана тынч жашоосуна себеп болот. Коомдун турмушу жактан да ыбадаттардын функциясы өтө чоң.

Категория: