Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда согуш чыгып кетсе көп сандаган адам каза болот

Орусия мунун болбошу үчүн аракет кылууда
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түндүк Кореянын ядролук куралдарга ээ болгон өлкө болушун кабыл албай тургандарын айтты.

Орусиянын Владимир аймагындагы форумда сөз сүйлөгөн Лавров: «Түндүк Корея, ядролук куралдардын жайылуусуна бөгөт болуу келишимине кол койгон болчу бирок андан соң келишимден чыгып кеткен. Учурда болсо Пхеньян башкаруучулугу, ядролук куралдарды өндүрүү үчүн бардык мыйзамдуу укуктарга эгедер экенин айтып жатат. Бирок Орусиянын мамилесин билесиздер. Биз ядролук куралдарга ээ болгон Түндүк Кореяны кабыл албайбыз»,-деди.

Лавров Орусия менен Кытайдын, кризистин көп сандаган адамдын каза болушуна себепчи боло тургандай түрдө тереңдешин алдын алуу үчүн бир канча сунуштарын айткандарын да билдирди.

Бир тараптан Лавров, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалуунун кеңири согушка айланып кетүү ыктымалдуулугунун өтө жогору экенин айтты.