Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Данияда Сириядан кайтып келгендерди колдогон программа ишке кирди

Даниянын полиция кызматы өлкөгө кайтып келген «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлерин коомчулукка аралаштыруу программасын ишке ашыра баштады. Бул тууралуу CNS News кабарлады.

Маалыматка ылайык, программа «жихадчыны кучакта» деп аталып, аларды үй жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Даниянын бийлигинин маалыматына таянсак, согуш болуп жаткан аймактарга өлкөдөн 36 адам чыгып кеткен. Алардын ичинен 19 адам мекенине кайтып келген.

Бул демилгенин каршылаштары программаны «экстрималдуу ишенчээк» деп атады. Ал эми, Сирияда төрөлгөн даниялык саясатчы жана мусулман Насер Хадер, полиция бул кадамы менен жаштарга туура эмес багыт берип жатканын айтат. Анын пикиринде, бул программа жихадчылардын санын көбөйтүп, алардын коом тарабынан кабыл алынышына шарт түзөт.

Мурунураак Данияда Сириядан кайтып келген студент кыз Джоанна Палани коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Бирок, ал 100 дөн ашык террористти өлтүргөнүн жана бир нече аялды туткунчулуктан куткарганын айткан.