Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иерусалимде мусулмандар менен полиция кагылышуусу болду

Иерусалимде кечки намаз убагында мусулмандар менен укук коргоо органдарынын кагылышуусу болуп, 34 адам жабыркады. Намазга келген мусулмандар мечиттин кире беришине коюлган метал издөөчү аппараттардын коюлушуна наразычылыгын билдирип жатышкан.

Нааразычылык акциянын катышуучуларын полиция кызматкерлери таркатуу аракетин кылышып, кагылышуу жаралды. Натыйжада ондогон адамдар жаракат алышты.

Палестиналык «Кызыл жарым ай коомунун» маалыматына ылайык, кагылышууудан жабыркаган 34 адам ооруканага жеткизилген. Алардын бири башына оор жаракат алган.

Эске сала кетсек, сөз болуп жаткан метал издөөчү аппараттар 14- июлда Иерусалимде полиция кызматкерлерине куралдуу кол салуу болгондон кийин орнотулган. Бирок мусулмандардын көпчүлүгү метал издөөчү аппаратка текшерилүү үчүн кезекке тургандан көрө, намазды мечиттин сыртында окуу ыңгайлуу болоорун айтышат.