Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иран Кыргызстанда медициналык жогорку окуу жайын ачууга даяр

Иран Кыргызстанга жалпы медициникалык жогорку окуу жайын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Мындай сунушту Ирандын ден соолук жана медициналык билим берүү министри Сейед Хоссейн Газизаде-Хашеми 18-июлда Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен билдирди.
Анын айтымында, Иран менен Кыргызстандын ортосунда медицина, дарылык каражаттар жана медициналык билим берүү боюнча бирдиктүү өнүгүү багыты бир жана алакаларды өнүктүрүүгө шарттар бар. Иран медициналык билим берүүдө кыргыз студенттерин кабыл алууга же Кыргызстанда жогорку окуу жайын уюштурууга даяр экенин министр кошумчалады.

Делегация өкүлдөрү билдиргендей, Иран кыргыз дарыгерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ыкчам курстарды уюштурууга, ошондой эле, кишинин жүрөк, бөйрөк, боор жана башка бөлүктөрүн көчүрүү боюнча да татаал окууларды өткөрүүгө даяр.

Министри Сейед Хоссейн Газизаде-Хашеми, жеке менчик саламатттыкты сактоо тармагы менен да кызматташуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, Иранда 1 миңден ашык мамлекеттик жана жеке менчик оорукана бар, алардан 200 мекеме ден соолукту чыңдоо туризми менен иш алып барат. Андыктан Иранда дарылангысы келген кыргыз жарандары үчүн жакын арада атайын түз авиакаттам уюштурулушу да мүмкүн.

Андан тышкары Иран делегациясы, биргелешкен окуу семинарларды өткөрүүнү, ирандык дарыгерлердин жардамы менен кыска мөөнөттүү көчмө курстарды уюштурууну, ошондой эле, вакцина жана дары-дармектер менен камсыздоо жаатында кызматташууну сунуштады.

Категории: