Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Азандын үнүн көзөмөлдөй турган мыйзам жок

Жакында эле Бишкектин Фрунзе Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги Махмуд Кашгари атындагы мечиттин айланасындагы тургундар мечиттен азандын үнү катуу чыгып жатканына нааразы болуп, тиешелүү мекемелерге арыз жазышкан. Алар жаңы мечитте азан катуу айтылып, түнкү уйкулары бузулуп, балдары чочуп ойгонуп жатышканын жүйө келтиришкен.Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын адиси Сайрабү Өмүралиева, мыйзамда азандын үнүн көзөмөлдөөгө багытталган эч кандай берене каралбаганын айтты. Ошондуктан, муфтиятка азанды жайыраак айтуу өтүнүчү гана келтирилгенин билдирди.

-Биз мыйзам чегинде эскертүү берип же талап коё албайбыз. Ошондуктан, тиешелүү мекемелерге өтүнүч гана келтирдик. Мындан тышкары Азан кыска эле мөөнөттө айтылып бүткөндүктөн, аны децибел менен өлчөөгө мүмкүн эмес. Баарын эске алуу менен Бишкек мэриясына тармак боюнча укуктук нормативдик документтерди карап чыгуу сунушун бердик.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Эсенгелди Жумакунов, азанга карата мыйзамда эч кандай бөлүм каралбаса да, жарандардын арызынын негизинде муфтиятка таңкы жана кечки намаздарда азанды акырын айтуу сунушу берилгенин билдирди.

-Муну дин башкармалыгы туура кабыл алды. Ошондой эле жергиликтүү казыяттарга да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Алар маселени жөнгө салуунун үстүндө иш алып барууга убадасын беришти.

Бишкек шаардык казыятынын өкүлү Расул Сариев, жогорку жактан кайрылуу келгенин тастыктап, азырынча тургундар тарабынан арыздар түшкөн мечиттерде гана азандын үнү азайтылып жатканын билдирди.

-Азыр Махмуд Кашгари мечитинде гана азандын үнү төмөндөтүлдү. Себеби арыз ошол аймактагы тургундардан түшкөн. Буга чейин дагы бир мечитте азайтылган. Эгер элге ыңгайсыздыктар жаралса, башка аймактар да каралышы мүмкүн.

Махмуд Кашгари мечитинин имам жардамчысы Эрнис Арыков, ислам дининде адамдарга зыян келтирүүгө болбосун белгилеп, азандын үнү мамлекеттик мекемелер талап кылган 45 децибел менен айтылып жатканын билдирди. Ошондой эле коңшуларга жакшы шарт түзүп берүүгө убадасын беришти.

Бирок мечиттин кызматкерлери 45 децибел деген өлчөмдү уюлдук телефондогу атайын программалар аркылуу гана карап жатканын, мамлекет тарабынан азырынча текшерүү боло электигин айтышты.

Ал эми мечиттин түбүндө жашаган элден сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, “азандан жапа чегип жатабыз” дегендер дээрлик болгон деле жок. Алардын арасында башка диндин өкүлдөрү да ушундай жооп айтышты.