Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Стамбулда бийликке каршы митинг өттү

Стамбулда бийликке каршы митинг өттү. Акциянын катышуучулары Анкардан Стамбулга чейин жөө жүрүш менен келишкен.

Он миңдеген кишилер катышкан «Акыйкат жүрүшү» акциясынын катышуучулары 15-июндан баштап 400 чакырым жолду басып өтүштү. Алар өткөн жылы ишке ашпай калган аскер төңкөрүшүнөн кийинки массалык камакка алууларга жана жумуштан бошотууларга наразылыктарын билдиришүүдө.

Өлкө башчысы акцияны уюштурган Элдик-республикалык партияны террордук топтор менен иштешип жатат деп айыптады.

Аталган партиянын лидери Кемал Кылычдароглы жана партиянын мүчөсү Энис Бербероглы 25 жылга эркинен ажыратылгандан кийин, нааразылык билдирип жөө жүрүшкө чыгууга чакырган эле. Бербероглы Улуттук чалгындоо уюмуна таандык (MIT) маалыматты басма сөзгө жарыялап жиберген деп айыпталган. Бирок ал бул айыптоолорду четке каккан.