Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Ирактын Мосул шаары террористерден бошотулду

Ирактын Мосул шаары «Ислам мамлекети» террордук тобунан бошотулду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Хайдер аль-Абади билдирүү жасады.

Өкмөт башчысы Мосул шаарына келип, жоокерлерди жана Ирак элин өлкөнүн экинчи ири калаасынын бошотулушу менен куттуктады.

Мосул шаарында 2016-жылдын 17-октябрынан тарта согуш жүрүп келди. «ИМ» тобунун согушкерлери Мосулду 2014-жылдын июнь айында басып алган.

Анда согушчандар Ирак менен Сириянын эки чоң шаарын өз көзөмөлүнө алып, «Ирак шам ислам мамлекетин» жарыялашкан.

Акыркы айларда «ИМ» тобу Ирактын өкмөттүк күчтөрүнүн чабуулунан аргасыз майтарылып, артка чегинген.