Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу күчүнө кирди

Жекшемби күндөгү АКШ, Орусия жана Иорданиянын Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуусу азыркы учурга чейин бузулган жок. Бул тууралуу Франс пресс агенттиги байкоочуларга шилтеме кылып жазды.

Маалыматка ылайык, кагылышуулар жана ок атышуулар Сириянын түштүгүндөгү тынчтык келишими түзүлгөн үч аймагында токтоду. Алар Дараа, Кунейтра жана Свиида аймактары.

Сирияда ок атышууну токтотуу боюнча келишим тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирген. Алты жылдан бери согушуп келе жаткан Сириянын өкмөтү жана оппозиция делегациясы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабын 10-июлда өткөрүшмөкчү.

Эске сала кетсек, 4-5-июлда Астанада Сирияда тынчтык зоналарын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, аталган зоналарды уюштуруу иштерин баштоо чечими кабыл алынып, чектерин август айына чейин аныктабай туруу келишими кабыл алынган. Тынчтык зоналарын көзөмөлдөө үчүн атайын топ түзүлгөн.