Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иракта ДЕАШ 200 түркмөндү өлтүрдү

ДЕАШтын көптөгөн айлардан бери Телаферде бир топ үй - бүлөнү бир аскердик кийлигишүүгө каршы калкан катары колдонгонуп жаткан.
Ирактын Мусул шаарында ДЕАШ террордук уюму кыргынын улантууда. ДЕАШ Телаферде 200 түркмөндү өлтүрдү.

Мусулдун облустук парламентинин төрага орун басары Нуреддин Каплан ДЕАШтын Телаферден коопсуз аймактарга качууга аракет кылган 200 түркмөндү өлтүргөндүгүн жарыялады. Каплан уюм тарабынан өлтүрүлгөн түркмөндөрдүн эки айга жакын убакыт террористтер тарабынан абакта кармалгандыгын, араларында аялдар менен балдардын да бар экендигин айтты.

ДЕАШтын көптөгөн айлардан бери Телаферде бир топ үй - бүлөнү бир аскердик кийлигишүүгө каршы калкан катары колдонгондугу жана качууларына уруксат бербегендиги белгиленди.

ДЕАШ террордук уюму 2014 - жылдын август айынан бери Мусулдун батышындагы Ирактын эң чоң району болгон Телаферди кармап турат. Аймакта жашаган түркмөн калкы да ДЕАШ зулумчулугунан кутулуунун жолун издеп жатат.