Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

ЮНЕСКО сионисттик режимдин Кудска өкүмчүлүгүн четке какты.

ЮНЕСКО Кудсту “басып алынган шаар” катары тааныткан токтомду колдоду. Бул тууралуу Mehr агенттиги “Palestina al- yaum”каналына шилтеме менен маалымдады. ЮНЕСКО уюму Израилдин Кудска өкүмчүлүк кылуусун четке кагып, алардын бул шаардагы курулуштарын катуу айыптады. Азербайжан, Индонезия, Ливан, Тунис, Казакстан, Кувейт, Түркия, Вьетнам, Зимбабве, Куба өлкөлөрү дагы Польшанын Краков шаарында өткөн аталган уюмдун он төртүнчү отурумунда ушул токтомду колдошкон. Ошол эле убакта бул токтомго каршылыктарын үч өлкө Филиппина, Ямайка жана Боркинофасо билдирген. Ал эми дагы 8 өлкө тарапсыз добуш беришкен.