Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Путин менен Трамп 7-июлда жолугушат

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Путиндин жолугушуу күнү такталды. Алар Гамбургда 7-июль күнү «Чоң жыйырманын» жыйынынын биринчи күнүндө жолугушат. Маалыматты Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков тастыктаган.

Белгилүү болгондой, Трамп президент болуп шайлангандан бери Путин менен алгачкы ирет жолугушат. Бул жолугушуу Греманиянын Гамбург шаарында 7-8-июлда өтүүчү «Чоң жыйырмалыктын» саммитинин алкагында уюштурулууда. Америкалык дипломаттардын маалыматында, Трамп Путин менен жолугушуусун ачык форматта өткөрүүгө кызыктар.

Дүйнөлүк коомчулук Трамп менен Путиндин жолугушуусунан соң, Сирия маселесинде жылыш болоруна үмүт артууда. Ошол эле учурда Украина кризиси да талкууга алынары күтүлүп жатат.