Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирия аскерлер Ракканын эң бекем чыңдалган бөлүгүнө кирди

Сирия аскерлери эки жарым жылдан бери “Ислам мамлекетинин” курчоосунда болгон Ракканын эң бекем чыңдалган аймагына кирди. Алар шаардын эски аймагындагы дубалдарды урата алышты.
Мурунку жумада “Сириянын демократиялык күчтөрү” альянсы бир нече согуштан кийин жихадчылардын баш калкалоочу жайларынын бири болгон шаарды курчап алышканын жарыялашкан.

Шаарды бошотуу үчүн күрөш көп сандагы жергиликтүү тургундардын өлүмүнө алып келген. БУУнун маалыматы боюнча июнь айында эле 173 адам өлтүрүлгөн. Сириядагы кырдаалдан улам 6 жыл ичинде 300 миң адам каза болгон. 11 миллион тургун өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Орусияда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган “Ислам малекети” террордук тобу Ракканы 2014-жылы курчоого алган эле.