Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирия делегациясы Астана сүйлөшүүлөрүнө келди

Сириянын куралдуу аскер оппозициясынын өкүлдөрү Астанага келишти. Атайын делегация Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси боюнча эл аралык жолугушууга катышмакчы.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат-катчысы Ануар Жайнаковдун айтымында, учурда аталган жолугушуунун баардык катышуучулары Астанага келишти. Алардын ичинде Сирия делегациясы дагы бар. Бүгүн, 4-июлда делегециялар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Ал эми эртең пленардык отурум болот деп билдирди министрликтин өкүлү.

Эске сала кетсек, аталган сүйлөшүүлөрдүн максаты Сирияда тынчтык зоналарын уюштуруу болуп саналат.