Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Франциядагы мечиттердин бирине кол салуу болду

Франциянын Авиньон шаарындагы Аррахма мечитинде 3-июль күнү кол салуу болду. Натыйжада, сегиз адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, куралчан эки адам мечиттин жанына Renault Clio маркасындагы автоунаа менен келип токтогон. Беткап кийип алган кылмышкерлердин бири унаадан түшүп, мечиттен чыгып келе жаткан адамдарга ок чыгарган. Окуядан кийин дароо эле кылмышкерлер качып кетишкен.

Кол салуунун натыйжасында, 4 адам жабыркап, алардын экөө жеңил жаракат алган. Мындан тышкары 4 адамдан турган бир үй-бүлө жабыркаган. Алар мечиттин жанында жашагандыгы маалым болгон.