Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусия кыргыз, казак аскерлерин Сирияга “күчтөп” алып барбайт

Орусия Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин Сириядагы согушсуз аймактарды көзөмөлдөөгө катышуу үчүн жиберүүгө “күчкө салып макул кылбайт”. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов билдирди.

Эске сала кетсек, Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калын, Орусия тарап Сириянын деэскалация зоналарына Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин жиберүү сунушун айтканын билдирген. Ибрагим Калындын маалыматы боюнча Түркия менен Орусия Сириядагы согушсуз аймактарын башкаруунун үстүндө “жигердүү иштеп жатат”.

Ал белгилегендей, Орусия Кыргызстан менен Казакстандын аскер күчтөрүн чыр-чатак аймагына жалпы күчтөр “кагылышуулардын кооптуулугун төмөндөтүүсү мүмкүн” деген негизде жибериши мүмкүн, ал эми бул боюнча маселе Астанада июль айында өтө турган отурумда чечилиши ыктымал.

Мамлекеттик Думанын коргонуу комитетинин башчысы Владимир Шаманов Орусия аталган эки өлкө менен Сирияга аскер жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын тастыктаган. Бирок Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өз кезегинде Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун айтууда. Мындай сүйлөшүүлөр болгонун кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев да четке каккан.

Кошумчалай кетсек, 4-5-июлда Астанада Сириядагы 2011-жылдан бери уланып жаткан куралдуу кагылышууларды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Басылма жазган боюнча анда деэскалация зоналары боюнча документтерге добуш берүү жүрөт.