Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

ИШИМчилер Абубакр аль- Багдади эскерип ыйлашты.

Мехр агенттиги “Ассумария ньюз” маалыматына шилтеме берип маалымдайт: Орусия ИШИМдин жетекчиси Абубакр аль- Багдадинин Ракка шаарындагы аба чабуулунан өлтүрүлгөнүн расмий түрдө жарыялашкандан эки апта өткөн соң, ИШИМ мүчөлөрү бул кабарды чын же жалганын тасдыкташкан эмес. Эми ИШИМдин Мосулдагы жеңилүүсүнөн соң, Багдадинин дагы өлтүрүлгөнү ырасталды. Ал эми ИШИМ террордук- такфирдик тобунун дагы бир башчылары Мосулдун батышындагы Таль-Афар аймагында өткөн жума күнү жамаат намазыныны кутбасын окуп жатып, Абубакр аль- Багдадинин атын эскере зар зар ыйлап жиберген. Бул кабардын негизинде аталган башчы Багдадинин жакындарынан болгону аныкталган. Эске салсак, ИШИМ Мосулдагы жеңилүүсүн мойнуна алган эле. Бул топтун Мосулдагы командири Абуль Бараъ Мусели мурдараак ИШИМдин Мосулда жеңилүүгө учураганын билдирип, учурда Таль- Афар бул топтун убактылуу базасы катары калаарын тактаган.