Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Түндүк Корея Түштүк Кореянын экс-президентин өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды

Түндүк Кореянын соту Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хени өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды. Тагыраак айтканда, аны Түндүк Кореянын экс-президенти Ким Чен Ынды өлтүрүүгө аракет жасаганы үчүн сыртынан соттошту.

Түндүк Кореянын соту Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе жана аталган өлкөнүн чалгынчысы Ли Бён Хону өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Тиешелүү жарлык Түндүк Кореянын коомдук коопсуздук министрлиги жана борбордук прокуратура тарабынан угузулду. Эми Түндүк Корея аларды өткөрүп берүү талабы менен расмий Сеулга кайрылды.

Ал эми Түштүк Кореянын улуттук иликтөө башкармалыгы Түндүк Корея бийлигинин бул жарлыгын негизсиз деп билдирди. Ошондой эле экс-президентти экстрадициялабай тургандыгын айтышкан.

Эске сала кетсек, экс-президент Пак Кын Хе үстүбүздөгү жылдын март айында паракорлук беренеси менен камакка алынып, ага карата импичмент жарыяланган. Учурда анын иши Түштүк Кореянын Жогорку сотунда каралууда.