Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

АКШ 6 мусулман өлкөнүн жарандарына виза берүү шарттарын татаалдатты

АКШ бир катар мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына өлкөнүн аймагына кирүү үчүн кошумча шарт койду. Бул тууралуу «Ассошиэйтед пресс» агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШнын мамлекеттик департаменти 6 мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүнүн шарттарын катаалдатты. Эми Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен мамлекеттеринин жарандары АКШнын аймагына кирүү үчүн ал жерде жакын тууганы бар экенин тастыктоосу керек болду. Бул шарт бир күндөн кийин күчүнө кирет жана буга чейин берилген визалар жокко чыгарылбайт.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында президент Дональд Трамп иммигранттардын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салуу маселесин карап чыгуу сунушу менен Жогорку Сотко кайрылган. Бул иш октябрга чейин соттун кароосунда болмокчу. Ошол себептүү, бул чечим убактылуу мүнөзгө ээ, — деп билдиришет серепчилер.