Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Катар: Араб өлкөлөрүнүн талаптарын аткарууга мүмкүн эмес

Катар араб өлкөлөрүнүн талаптарын аткарууга мүмкүн болбой турганын билдирди. Эгер талаптар оңдуу жана негиздүү болсо сүйлөшүүлөргө даяр. Бул жөнүндө Катар мамлекетинин тышкы иштер министри шаршемби күнү Al Jazeera телеканалы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бен Абдель Рахман Аль Тани Вашингтондо сапарда жүрөт.

Анын АКШдан берген маалыматына ылайык, мурда көрсөтүлгөн талаптар далили жок эле айыптоолор болуп калган. Министр бул 13 талап тизмеги боюнча сүйлөшүүлөр мүмкүн эместигин белгилеп, аларды кайрадан карап чыгууну сунуштады.

5-июнда Бахрейн, Бириккен Араб эмирлиги, Сауд Аравия, Эгипет, Йемен, Ливия, Мальдив аралдары жана Маврикий мамлекети Катар менен болгон дипломатиялык мамилелерин токтотушканын билдиришкен. Аталган мамлекеттер Катарды террордук топторду каржылаганы үчүн айыптап жатышканын жарыялашкан эле.