Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

«Ислам мамлекети» өз согушчандарына паспорт берип баштады

«Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнүн согушкерлерине паспорт берип баштады. Паспорттун үлгүсү Сириянын Ракка шаарында табылды.

Ракканын террорчулардан куткарылган айрым аймактарында террористтердин атайын паспорттору табылды. Ал полиграфиялык жактан жогорку деңгээлде жасалган. Ошондой эле англис жана араб тилинде Куран аяттарынан үзүндүлөр түшүрүлгөн.

«Ислам мамлекети» террордук тобу аны өз арасында «бейиш паспорту» деп атап, аны көпчүлүк учурда жанкечтилерге гана беришет. Бирок анда эч кайсы согушкердин аты-жөнү жазылбайт.