Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Оюнга көз карандылык: ал эмне?

Убакыттын өтүшү менен, адамзаттын жашоосунда көптөгөн нерселер өзгөрүп жатат. Кээ бири жакшы жагына өнүксө, башкасы — тескери жакка. Күн сайын оожалып баратканы, адамдын терс сапаттарынын бири болгон кумарпоздук.

Бул фактыны компьютердик оюндардын мисалында карамакчыбыз. Чындыгында, ал «атышуубу», «кыдыруубу», «онлайнбы» же башкасыбы айырмасы деле жок.

Мисалы, Blizzard фирмасы өзүнүн оюн долбоорлоруна бир нече миллион долларды кайрымдуулук ниетинде коротушат. Бирок аталган долбоордун негизги максаты, коротулган акчадан бир топ эсе көп пайда табуу. Чыныгы жашоодо компьютердик оюнга көз каранды болуп калган адамдар башка кишилер менен байланышууда, сүйлөшүүдө көйгөйгө кабылып, өзүнө ишенбеген, жалгыздыктын азабын тарткан жана өзүн төмөн баалаган инсандардын келип чыгышын шарттайт. Бирок адам каалайбы же каалабайбы, ал коомдун бир бөлүгү. Ансыз турмуш кечирүүгө мүмкүн эмес. Өзүн- өзү көрсөтүүгө болгон далалат, көптөгөн адамдарды ар кандай жолдорго жана ыкмаларга түртөт. Өзүн чыныгы коомдо көрсөтө албаган адамдар, бара-бара виртуалдык дүйнө менен алектенип, анын күнүмдүк «жашоочусуна айланат». Виртуалдык дүйнөгө кирип кетүү — иллюзия болсо дагы, бир жагынан бардык маселелерди чечүүнүн оңой-олтоң жолу болуп эсептелет.

Мында балдардын жана өспүрүмдөрдүн оюнга көз карандылыгын аныктап, анын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерден мисал келтирсек.

Ильяс, 11 жашта, 5-класстын окуучусу. Жүрүм-турумунан: бир нече айдан бери ооруп жүрөт. Алсыз, башы бат-бат ооруйт, тамакка табити жок. Туугандарынын байкоосунда, мектепке баруу каалоосу жок.

Үй-бүлө жетиштүү жашайт: атасы-бизнесмен, апасы- мамлекеттик кызматкер. Ильястан улуу эжеси бар. Үй-бүлө мүчөлөрүн сурамжылоого алганда, бала акыркы жылы сабакты начар өздөштүрүп, мектепке барбай койгон же андан качкан учурлар болгон.

Ата-энесинин айтымына караганда, балага компьютер сатып беришкен. Ал компьютерде каалашынча отуруп, ойноп же башка балдар менен чат аркылуу сүйлөшөт. Туугандарынын баланы виртуалдык дүйнөдөн чыныгы дүйнөгө багытоо боюнча кылган аракети текке кетип, өз натыйжасын бере элек.

Акыркы бир жарым эки аптанын ичинде, баланын саламаттыгы начарлап, педиатрга жана психологго алып келишкен.

З Балага бир нече ирет психилогиялык талдоо жүргүзүлгөндөн кийин, анда оюнга көз карандылыктын алгачкы этабы башталганы аныкталып, ата-энесине айкын сунуштар берилген. Алар төмөнкүчө:

‒ үй-бүлө үчүн бирдей күн тартибин иштеп чыгуу жана бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн аны кыйшаюусуз аткаруусун көзөмөлдөө;

‒ балага пайдалуу жумуш аткаруу үчүн кошумча жүктөмдөрдү тапшыруу;

‒ шыгына жараша спорттук секцияларга же ийримдерге катыштыруу;

‒ компьютерде отуруу убактысын чектөө (бул жаштагы балдар 40 минутага чейин гана отурса болот);

‒ таза абада сейилдөө убактысын көбөйтүү.

Эң башкысы — баланын үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон карым-катнашын жолго коюу. Тактап айтканда, баланын мектептеги сабактары кандай экенине же ачкабы, токпу дебестен, бардык үй-бүлө катыша турган иш-чараларды уюштуруу. Мисалы, табиятка баруу, шаар кыдыруу же болбосо, оюн түрүндөгү кечки баарлашуу. Бала менен канчалык жеке баарлашып, ага жумшак мамиле кылып, өз пикириңди таңуулабай түшүндүрсөң, анын ички дүйнөсү, жүрөк өйүгөн маселелери, кыялдары жана үмүтү жөнүндө тереңирек биле аласыз.

Ильястын жүрүм-турумун жөнгө салуу боюнча, психологдун ата-эне менен биргеликте иштеп чыккан бирдиктүү стратегиясы ишке аша баштады. Ата-энеси баласынын келечегине кайдыгер карабай, аны тарбиялоо ишине жигердүү катышышты. Натыйжа көпкө күттүргөн жок, 20-30 күндөн өз жемишин берип, баланын саламаттыгы оңолуп, өзүн жакшы сезе баштады.

Бул типтүү окуя. Бала формалдуу пикир алышуу чөйрөсүндө жашап жатып, өзүн-өзү көрсөтүүгө аракет кылышат. Балдардын психикасы баланын жетишкендигин таанууну анын ийгиликтерин тең бөлүшүүнү жана катачылыктарын оңдоого жардам берүүнү каалашат.

Эгерде бала үй-бүлөдөн, мектептен же курдаштарынын арасынан пикирлеш адамын таба албай калса, эмне кылышы керек? Мына ошол учурда чыныгы дүйнөдөн, виртуалдык дүйнөгө өтүү башталып, алкоголдук же наркотикалык көз карандылык сыяктуу эле, оюнга болгон көз карандылык жаралат....

Өзүңдөгү виртуалдык дүйнөгө болгон көз карандылыгыңды кантип аныктайсың? Эгерде үч суроого так жооп берсең аныктоого мүмкүн: Чыныгы жана виртуалдык жашоого канча убакыт коротом? Бул оюндарды эмне үчүн ойнойм? Аларга мен канча акча коротом?

Статистика боюнча, эгерде компьютердик оюндарга жумасына 20 саат убакыт жана айына 500 сом корото турган болсоңуз, кыйыр түрдө оюнга көз карандылык жаралганын билдирет.

Бул маселеде компьютердик оюндардын түзүүчүлөрүн бир жактуу күнөөлөө акыйкаттыка жатпайт. Компьютердик оюндарды түзүүчүлөр адамдардан пайда көрүү үчүн, аларды түзүп, коомго терс таасирин тийгизет дегени, анчалык чындыкка дал келбейт.

Психологдун көз карашы боюнча компьютердик оюндар, аны ойноп жаткан адамдын психикасын дүүлүктүрүүчү болуп эсептелет. Канчалык дүүлүктүрүүчү факторлор күчтүү болсо, оюнга алаксуу, андан канааттануу ошончолук жогорулайт. Анын көп убакыт таасир тийгизиши, психикага таасир тийгизбей калат. Дүүлүктүргүчкө карата ыңгайланышуу жүрүп, оюнчу оюндан канааттануу ала албай калат.

Компьютердик оюндарды иштеп чыгуучулар муну түшүнүшөт дагы, өзүнүн аудиториясын кармап туруу үчүн, таасир берүүчү факторлордун сапатын жогорулатып турушат. Бул окуянын татаалданышы, сүрөттөлүштөрдүн жакшыртылышы жүрүп, оюнчунун фантазиясын өркүндөтүп турат. Ушул жол колдонуучуга терс таасирин тийгизет. Оюндарды иштеп чыккан сценаристердин фантазиясын ооздуктоого мүмкүн эмес. Алар жалпы адамдык баалуулуктарга, тыюу салынган нерселерге көңүл бурбастан, адамды өз дүйнөсүнө азгырат.

Оюндун классикалык түшүндүрмөсүндө, адам канча ойногон сайын, ага берилип, иллюзияларды башкарып калат. Алардын негизги максаты көбүрөөк оюнда отуруу. Ошондуктан көптөгөн оюндар оюн эмес эле, адамды транс абалына алып келүүчү процесс деп айтканга толук негиз бар. Оюн процессинде психологиялык көз карандылык жаралат. Оюнга аралашкан адам, бара-бара чыныгы жашоону кабыл алуу сезиминен ажырайт.

Оюнга көз карандылыктын калыптанышынын дагы бир фактору — адамдын мүнөзү. Бул тизмекке депрессиялык абалга бат берилүү, таарынчактык, стресске туруктуулуктун жоктугу, тынчсыздык, өзүн төмөн баало жана башкалар.

Мындай көз карандылыктан жабыркаган адамдар, көпчүлүк учурда курдаштары, карама-каршы жыныстагы адамдар менен тил табыша албай, жамаатка начар ыңгайланышат. Өздөрүнүн эмоциясын көрсөтүүдө, жакындары менен мамиле кылууда татаалдык жаралып, чөйрө менен өз ара мамиле кылууну интернеттен же оюндардан издешет.

Оюнга көз карандылыктын калыптанышы үй-бүлөдөгү тарбия жана мамиле менен да байланыштуу. Көпчүлүк учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамиленин бузулушу, пикир алышуудагы татаалдык негизги себептерден болуп калат. Ушулардын бардыгы адамдын виртуалдык дйнөгө кетип, туруктуу көз карандылыктын пайда болушуна алып келет.

Оюн процессинде адамды эмне өзүнө тартат? Негизинен:

- ойноп жаткан адамдан тышкаркы катышуучулардын анын жеке оюнуна аралаша албагандыгы;

- виртуалдык дүйнөдөгү процесстердин чындыкка жакындыгы;

- чыныгы курчап турган чөйрөдөн алысташы; - жыйынтыгына карабастан, оюн процессинде каалаган чечимди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;

- оюндагы кылык-жоруктарына суроо-сопкуттун жоктугу, жоопкерчиликсиз;

- убакыттын өтүшү менен кетирилген каталарды оңдоо мүмкүнчүлүгү.

Ушул чөйрөдөн кантип чыгууга болот деген суроо жаралат?

Биринчиден, интернетти өчүрүп салуу менен эле маселе чечилбейт. Аны жазалап, «эрмегинен» ажыратуунун зарылчылыгы жок. Аны бары биригип, баланын үйдөн качып кетишин шартташы мүмкүн.

Экинчиден, оюнга болгон көз карандылыкты жеңүү үчүн, аны менен эмес, анын себептери менен күрөшүү зарыл. Жабыркаган жакын адамыңыз анын кулуна айланып калды дейли, эгерде компьютерди же интернетти жогото турган болсоңуз, анын психикасында боштук пайда болуп, аны толтурууга жол издей баштайт. Эгерде аны толтурбаса, ал «боштуктарды» баланын аң-сезиминде калыптанып калган оюн каармандары жана окуялар ээлейт.

Үчүнчүдөн, оюнга болгон көз карандылыктан кутулууда ата-эненин, туугандардын катышуусу талап кылынат. Эгерде адистин кеңешисиз натыйжага жетүүгө аракет кылсаңыз, төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

1. Көз каранды болуп калган адамга мажбурлабастан компьютердик оюндардын зыяндуулугун түшүндүрүү.

2. Көз каранды адамга оюн бизнесинин жаман жактарын көрсөтүп, өзүнүн жеке инсандыгына кайтып келүүсүнө жардам берүү. Ойноп жаткан адам жалган идеалдарга, ишеничтерге алданып, өз жашоосун уурдатып жиберет. Эң маанилүүсү аны кайрадан чыныгы жашоого кайтарып, турмуштук көз карашын жана ой максаттарын калыптандырууга түрткү берүү.

3. Кийинки этап — баланын чыныгы жашоодо орун алышы. Аны виртуалдык дүйнөдөн чыгарып, чыныгы жашоого аралаштыргандан кийин, ал кайра артка кетпеши үчүн жакындары, достору, ата-энеси жапа тырмак ишке киришүүсү зарыл.

4. Өзүн-өзү көзөмөлдөөгө үйрөтүү. Көптөгөн оюнчулар өздөрүнөн алектенүүсүнүн жаман жактарын билишет, бирок эмоцияларын көзөмөлдөй алышпайт. Буга жетишүү өтө татаал, бирок аракет кылуу керек. Анткени, өзүн-өзү көзмөлдөө оюнда эле эмес, социалдык чөйрөдө дагы чоң мааниге ээ.

Балабы, өспүрүмбү же чоң эле адамбы бул «оюндун сазынан» өз алдынча чыгып кетиши мүмүкүн эмес. Ал гана эмес, өз жашоосун жакшы нукка буруп, оюндан чыккандар, кайра кайрылып барышат. Анткени туугандары жана достору ага өбөлгө. Ошондуктан бул жерде жакын адамдардын ролу өтө зор.

Ортодо карабашыл адамдын келечек тагдыры тургандыгын, бир да минута эстен чыгарбай, анын чыныгы жашоого, коомго кайтып келишине бар аракетти жумшоо керек!

Календарь

Пн
Вт
Ср
Чт
Пт
Сб
Вс
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 
June 2017
 

Ай календары

Джумадиль Аваль - Джумадиль Акхир 1439
Вс Пн Вт Ср Чт Пт Сб
15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12