Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

ИМ Филипинде мектеп окуучуларын туткунга алды

«Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери Филиппин мамлекетинин түштүк бөлүгүндө орун алган мектептин имаратына кирип барып окуучуларды туткунга алышты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жергиликтүү полиция кызматкерлерине шилтеме кылып кабарлады.

Эске сала кетсек, 23-майда ИМ согушкерлери Филиппин мамлекетинин Минданао аралындагы Марави шаарында коргоо күчтөрүнө кол салышкан. Бул окуядан кийин коргоо күчтөрү террористерди жок кылуу операцияларын тынымсыз кылып келишет.

Мурдараак, өлкөнүн аскер күчтөрүрүн башкы штабы аскерлер тарабынан 120 га жакын террористер жок кылынып, 100 чакты исламистер курчоого алынганы тууралуу маалымдаган.