Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Белгиянын борборунда жардыруу болду

Брюсселдин борбордук автобекетинде жардыруу болду. Жардыруу анча чоң болбогондуктан айланадагылар жабыр тарткан эмес. Бирок адамдарды баш аламандыкка алып келген. Полиция кызматы жана бекеттин жетекчилиги кырдаалды жөнгө салууга үлгүргөн.

Жанкечтинин аты-жөнү аныктала элек, прокуратура окуяны терракт катары иликтөөдө. Прокуратуранын өкүлүнүн айтымында жанкечтини полиция кызматы атып өлтүргөн.

Белгиянын премьер-министринин айтымында, полиция жардыруу болгон жерде жана жакынкы аянттагы адамдарды ыкчамдык менен коопсуз жайга алып кетүүгө үлгүргөн.

Коопсуздук кызматкерлери бул жардырууну 2015-жылы 13-ноябрда Парижде болгон бир катар терракты уюштургандар жазаганын аныкташкан.