Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Оксфорд:Фейсбук менен Твиттер жалпынын ойжүгүртүүсүн көзөмөлгө алуучу курал

Тогуз өлкө боюнча изилдөө өткөрүүнүн натыйжасында коомдук соц.тармактар жалган жана ката маалыматтарды таратуу менен жалпынын ой жүгүртүүсүн көзмөлдөөнү колго алат.

Мехр агенттиги Гардин гезитине шилтеме берип маалымдайт: Оксфорд ЖОЖнын жаңы изилдөөсүнүн натыйжасында коомдук соц. тармактардагы жарнамалар дүйнө жүзүндөгү жалпы элдин ой жүгүртүүлөрүн көзмөлдөп туруу максатында пайдаланылары аныкталган. Оксфорд ЖОЖнун интернет илимдеринин профессору Филип Говард тогуз өлкө, алардын ичинде Бразилия, Кытай, Канада, Германия, Польша, Украина, Америка өлкөлөрү бул жагынан изилденгенин билдирген.
Адистердин айтымында, бүгүнкү күндөгү жалган, ыктымалдуу жана ката маалыматтар онлайн түрүндө кызуу таратылууда жана Фейсбук менен Твиттер бул жагынан алгоритмдүү колдоого алынып келет. Бул алгоритмде пайдаланылуучу техникаларга лайк коюу, постторду башкаларга таратуу жана башкалар кирет.
Бул техникалар аркылуу популярдуулуктун иллюзиясы пайда кылынып, жалпынын ой-пикирлерин багыттоо аракети жасалат.
Америкада бул ыкма менен элдин ой-пикирлери консенсус өндүрүүдө пайдаланылат. Мисалга мурда саясатта белгисиз болгон адам Фейсбук менен Твиттер аркылуу саясий талапкерге айланып, өз тарапчыларын жыйнай алат. Соц. тармактардын жалпынын ой-пикирлерин башкаруудагы таасирин изилдөө ишинде онлайн аркылуу бир талапкерди колдоо кандайдыр бир жаңжалды пайда кылуу менен башталаары жыйынтыкталган.

Категории: