Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Бангладеште табият кырсыгынын кесепетинен 134 адам каза болду

Жуманын башынан бери токтоосуз жааган жамгырдын кесепетинен Бангладеште жер көчкү жүрүп, 134 адам өмүрү кыйылды. Каза болгондордун көбүнчөсү суу каптап киргенде үйлөрүндө уктап жатышканы белгилүү болду. Ондогон адамдар дайынсыз жоголууда. Учурда куткаруучулар адамдар калып калышы мүмкүн болгон жерлерге жетүү аракеттерин кылышууда.
Өлкөнүн түндүк батыш тарабында көчөлөр суу алдында калды, электр жарыгы өчүп, телефон жана транспорт байланышы үзгүлтүкө учурады. «Нөшөр токтогондон кийин биз кыйроолордун масштабын билебиз жана калыбына келтирүү иштерин эмнеден баштарыбыз белгилүү болот»,-деди Франс Пресс агенттигине жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменттин өкүлү Реаз Ахмед.
Индия менен чек арадан анчейин алыс эмес Рангамати аймагындагы турак-жайлар көчкү алдында калып, бир нече киши каза тапты.

Каза тапкандардын бешөө Рангаматиге бара турган жолду тазалап жаткан аскер кишилери болгон. Аларды экинчи жол жүргөн жер көчкү басып калган.Ѳлкөнүн баш калаасы Даккага жана өлкөдөгү порт шаары болгон Читтагонгго бара турган унаа кыймылы бузулду. Мындай аба-ырайы Бангладеште июндан сентябрга чейин уланаары айтылууда.