Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыргызстанда эл аралык террористик уюмдун мүчөсү кармалды, — деп билдирет УКМК басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш чаралардын алкагында теракт уюштуруу үчүн Сирияда атайын даярдыктан өтүп келген, эл аралык террористик уюмдун мүчөсү кармалган. Ал кыргыз жараны Я.У. болгон.

Белгилүү болгондой, ал 2014-жылдан бери эл аралык террористик уюм тарабынан түптөлгөн кылмышкерлердин тобунда болгон. Диверсиялык -террордук даярдыктан өтүп, Сириядагы согуш аракеттеринде активдүү катышып келген.

Бул жаран терорристик уюмдун башчысынын көрсөтмөсү менен Кыргызстандын аймагына кирип, жашыруун террористик уюм түзүп, анын жардамы менен террористик акцияларды пландап жаткан.

Кармалган адамга УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 375-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Иликтөө иштери жүрүп жатат.