Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Катодо төрт террорист өлтүрүлдү

Като тоосунда ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн аба операциясында төрт террорист өлтүрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 19 – апрелде башталган Шырнактын Като аймагындагы операциялар улантылууда.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Инжебел тоолору - Като аймагында жүргүзүлгөн операциянын негизинде кечээ учкучсуз аба унаасы тарабынан кол салууга даярданып жаткандыгы аныкталган төрт террорист аба күчтөрү командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн аба операциясында өлтүрүлдү. Операциянын негизинде өлтүрүлгөн террорист саны он төрткө жетип, бир террорист багынды.

Операцияда ушул кезге чейин он үңкүр аныкталып, бул үңкүрлөрдө ПКК жикчил террордук уюм тарабынан жашырылган көп сандаган ок - дары, тамак – аш жана турмуштук материал колго түшүрүлдү.

Ошол эле учурда Диярбакырдын алты районунда жикчил террордук уюм ПККга карата операцияда көп сандаган курал, ок – дары, турмуштук материал колго түшүрүлгөн жети баш калкалоочу жер колдонулбай турган абалга алып келинди.