Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Орусия Катардагы кризистин чечилишине жардам берүүгө даяр

Сергей Лавров кээ бир араб өлкөлөрүнүн Катар менен дипломатиялык карым – катнаштарын үзүшүнөн тынчсыздангандыгын белгиледи.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Катар менен кээ бир араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кризистин чечилиши үчүн мүмкүн болгон бардык нерсени аткарууга даяр экендерин айтты.

Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани менен сүйлөшүүсүнүн басма сөзгө ачык бөлүмүндө Лавров кээ бир араб өлкөлөрүнүн Катар менен дипломатиялык карым – катнаштарын үзүшүнөн тынчсыздангандыгын белгиледи.

Лавров Орусиянын аймак өлкөлөрү менен ар түрдүү деңгээлде байланышта экендигин айтып : «Орусия кризистин чечилиши үчүн тийиштүү тараптардын бекитүүсү менен колунан келген бардык нерсени аткарат»,- деди. Лавров терроризмди аймак өлкөлөрү үчүн негизги коркунуч катары көрүшкөндөрүн белгилеп : «Терроризм менен дагы таасирдүү күрөшүү үчүн Араб Биримдиги, Перс булуңунун араб өлкөлөрү кызматташтык кеңеши менен аймактагы жана аймак тышындагы бардык өлкөлөрдүн биримдигинин түзүлүшү керектигин ойлоп жатабыз»,- деди.

Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани да Москва сапарынын максатынын болгон окуялар жана өлкөсүнө каршы ташталган «мыйзам тышы» кадамдар тууралуу маалымат берүү экендигин белгилеп «Катарга каршы жасалган «мыйзам тышы» кыймылдарды ашып өтүү үчүн жардам сунуш кылган орус мекемелерине рахмат айтты.