Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иракта жардыруунун кесепетинен 30 адам курман болду

Ирактын Кербель шаарында болгон жардыруунун кесепетинен кеминде 30 адам каза болду, 35 адам жабыр тартты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, жардыруучу куралды аял жанкечти ишке киргизген. Жардыргыч анын кийим алдында болгону кабарланууда.

Эске сала кетсек, кечээ Ирактын борбору Багдад шаарына жакын Кербель аймагында жардыруу болгон. Буга чейин, 30-майда Багдад шаарында жардыргыч иштеп, 11 адам каза болду. Андан мурун 16-февралда эски унаалардын базарында миналанган унаа жарылып, 48 адам курман болгон.