Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Иранда болгон кол салууларды Сауд Арабиясы уюштурган

Иран аскерлери парламент имаратына жана Аятолла Хомейнинин мавзолейине кол салууну Сауд Арабиясы уюштурган деп билдирүү жасады. Акыркы маалыматтарга ылайык, кол салуудан каза тапкандар саны 12 кишиге жетти.

«Кол салууга «Ислам мамлекети» экстремистик тобу жоопкерчиликти алганы Сауд Арабия бул чабуулга катыштыгы бар экенин далилдеп турат»,-деп эсептейт Ирандын Куралдуу күчтөрү.

Ал эми АКШ президенти Иранды өзү каржылаган терроризмдин туткуну болуп калды деп билдирүү менен бирге Иран жетекчилигине көңүл айтты.

Кечээ, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 да белгисиз кишилер парламент имаратынын ичине кирип барып ок чыгарган. Болжол менен ушул эле убакытта парламенттен 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Аятолла мавзолейине куралчан топ бастырып кирген. Бираз убакыттан кийин парламентте жанкечти өзүн жардырганы маалым болгон.

Аталган кол салуулардан болжол менен 12 киши каза таап, 39 адам жаракат алды. Бул жанкечтинин чабуулу өлкө тарыхындагы биринчи учур болуп калды. Ѳлкөнүн чалгын кызматы кол салууга ниеттенип жаткан согушкерлердин тобу кармалганын билдирди.