Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Аятолла Рухулла Хомейнинин күмбөзүнүн жанында окатышуу болуп,жарылуунун үнү угулду

Бүгүн, 7-июнда Ирандын Тегеран шаарындагы Аятолла Рухулла Хомейнинин күмбөзүнө куралчан адам кирип, адамдарга ок чыгырып, бир канча кишини жаракат кылды.

Бул тууралуу Fars агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Хомейнинин күмбөзүнүн жанында жардыруунун үнү угулган. Айрым маалыматтар жардырууга террорчу-жанкечти себеп болгондугун айтышууда. Бирок, бул маалыматтар расмий эмес булактардан алынган. Билдирүүдө Haram-e Motahar метросу коопсуздук кызматкерлери тарабынан жабылгандыгы айтылууда.

Маалыматта жанкечти өзүн-өзү жардырып жибергендиги жана бир адам коопсуздук күчтөрү тарабынын өлтүрүлгөндүгү жана ошондой эле бир аял камакка алынгандыгы кабарланууда. Террорчулар күмбөзгө батыш эшиктен киришкен. Күмбөздүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору жардыруучу кур тагынып алган киши эки ирет ок чыгыргандан кийин, өзүн-өзү жардырып жибергенин билдирди.