Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Террорчулукка каршы коалиция кайрадан Сирияга сокку урду

АКШ башында турган террорчулука каршы коалиция кайрадан Сирияга чабуул койду. Сириянын түштүк тарабындагы ички режимди колдогон кошумча күчтөр жок кылынганы маалымдалууда.
Бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан алар тынчтык орнотулган зоналарга кирип барышкан. Сөз артиллерия, танка сыяктуу куралдуу унаалар жөнүндө болуп жатат. Маалыматка ылайык, аталган күчтөр коалициянын Ат-Танфа гарнизонунда орун алган өкүлдөрүнө коркунуч келтиришкен.

Коалициянын малыматында, алардын аскерлери бир нече айдан бери Ат-Танф гарнизонунда жергиликтүү жашоочуларды ислам мамлекети террордук тобуна каршы күрөшүүгө машыктырып жатышат.
Орусиянын федерация кеңешинин коргону жана коопсуздук комитетинин биринчи орун басары Франц Клинцевич бул чабуулду террористерге каршы эмес, Сириянын президенти Башар Асадга каршы багытталган деп баалап, БУУнун коопсуздук кеңешинин кезексиз чакырылышында Москва бул маселени көтөрөөрүн билдирди.