Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирия оппозициясынын оюнчугу болгон 5жаштагы Имран Дакниш

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, 2016-жылдын август айында Сирия армиясы Алеппо шаарын террорчуларда бошотуу учурунда оппозициячыл күчтөр менен байланышы бар массалык маалымат каражаттары интернетте Имран Дакниш деген сириялык 5 жаштагы баланын тез жардам унаасында отурган сүрөтүн кеңири таратып жиберген.

Алар бул баланы урандылардын алдынан аман алынып чыккандыгын билдиришкен. Ал баланын башы жана бети канга, топуракка боелгон сүрөтү интернет аркылуу дүйнөгө тез тараган. Бул сүрөт Сирия өкмөтүн жөнү жок айыптоого шылтоо болгон. Бирок азыр 5 жаштагы Имран Дакништин атасы Сирия телеканалына берген маегинде алардын үйү Сирия өкмөтүнүн армиясы тарабынан бомбалоого дуушар болгон эместигин, массалык маалымат каражаттарынын тараткан маалыматтары бүт жалган экендигин билдирген.

Алепподо жашаган Имрандын атасы мындай деп билдирген: Ошол түнү баарыбыз үйдө болчубуз. Эч кандай согуштук учактардын жана ракеталык чабуулдардын үндөрү угулган эмес. Бирок үйдө бир жолу жардыруу болду жана бизди урандылардын астынан алып чыгышты. Баардыгыбыз жаракат алдык. Ал эми Имран мени менен бирге эле, “ак каскачандар” Имранды сүрөткө тартып алышты. Андан кийин бир нече журналисттер келип, массалык маалымат каражаттарына Сирия өкмөтүнүн аба соккусу болду деп маалымат берүүсүн айтышкан.

Видео: