Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр Астанада өтөт

Сирия боюнча кезектеги тынчтык сүйлөшүүлөр Астана шаарында 12-13- июнда өтөт. Бул тууралуу Сириянын Орусиядагы элчисине шилтеме кылып, орус маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Маалыматта элчи Рияд Хаддад Дамасктын делегаттары чакыруу алганын, бирок Сирия оппозициясынын өкүлү Яхья аль-Ариди бул сүйлөшүүгө катышуу маселеси чечиле электигин билдиргени кабарланат.

Белгилей кетсек, буга чейинки Астанадагы сүйлөшүүдө Орусия, Түркия жана Иран мамлекеттери Сирияда коопсуз аймактарды түзүү боюнча меморандум кабыл алышкан. бирок Сирия оппозициясынын кээ бир өкүлдөрү бул чечимге каршы пикирлерин билдиришкен. Меморандумдун алкагында Сириянын согуш аймагында 4 деэскалация зоналарын түзүү каралган. Аталган аймакта 2011-жылдан бери 400 миңдей адам каза болгон.