Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Эмират аль- Кудстагы палестиналыктардын үйлөрүн сатып алып Израилге кайра сатышууда.

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын “Газа алян” маалыматы БАЭ аль- Кудстагы палестиналыктардын үйлөрүн сатып алаары менен израилдик режимдин адамдарына кайра сатып жатышканын жарыялаган. Бул маалымат каражаты ошондой эле бул маселени тасдыктоочу далилдүү иш- кагазадары бар экендигин баса белгилеген. “Газа алян” тиешелүү иш- кагаздары менен БАЭ айрым эмираттык соодагерлер менен белгилүү адамдарды жалдоо менен палестиналыктарды аль- Кудстагы үйлөрүн жакшы баага саттырып, бир жума өткөн соң кайра аларды израилдик байларга сатып жатышканы далилденгенин тактады. Эмираттык соодагерлер жана белгилүү адамдар Кудсту жакшы көрүшөөрүн жана анда жашагылары келгенин билдирүү менен палестиналыктарын үйлөрүн сатып алып жатышкан. Ал эми үйлөрүн саткан айрым үй- бүлөрлөр бир канча айдан соң мурда жашаган жайларына кайтып келишкенде, ал үйлөрдө сионисттер менен жөөт аалымдары жашап жатышканына күбө болушкан. Белгилей кетсек, Газа алян агенттиги жакын арада бул маселеге тиешелүү иш- кагаздарды ачыкка чыгармакчы.