Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

"Алар Куран жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Аллахтан башканын сөзү болгондо, анда алар Курандан көптөгөн карма- каршылыктарды табышаар эле." (Ниса сүрөөсү 82-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

БашарАсад:“Сирияга коопсуздук кайрылып келгенге чейин кубанычыбыз толбойт”

Сириянын президенти Башар Асад ИШИМ террорчуларынын туткунунан жаңы бошотулган адамдар менен жолугушуп, Сирияга коопсуздук кайрылып келгенге чейин, биздин кубанычыбыз толбойт деп билдирди.

Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Башар Асад менен жолугушкан 34 киши Дамасктын Барзе районундагы террорчулардын туткунунан жаңы бошотулган. Сирия президенти жана анын жубайы Асма Асад туткун учурунда кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, ага чыдап бошотулган адамдарды куттукташты. Башар Асад жолугушуу учурунда, Сирия коому дайынсыз жоголгон жана уурдалган адамдардын маселеси менен шартталган олуттуу коомдук кризисти баштан кечирип жатат деп айтты.

Ал өз сөзүндө коопсуз мекендин баасын билүүгө мындай кыйынчылыктар жана сыноолор адамды күчтүү жана мекенчил кылат деп билдирди. "Террордук топтордун адамдарды өлтүрүп, аларды уурдап, кыйноолору силердин мекенге болгон сүйүүңөрдү алсыздаткан жок",- деп билдирди. Ал бул согуш дагы деле аягына чыга элек, миңдеген сириялыктар кыйынчылыкты баштан өткөрүүдө жана алардын бардыгы бошотулганга чейин жана Сирияга коопсуздук кайрылып келгенге чейин, биздин кубанычыбыз толук болбойт деп баса белгиледи. Туткундан бошотулган адамдар өз кезегинде, өкмөт аларды бошотооруна ишенгендигин билдиришкен.