Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
06:19
Күн чыгышы
07:54
Бешим
13:16
Аср
16:54
Шам
18:42
Куптан
19:57

Орозо адамды кандай өзгөртөт?

Мусулмандар эңсеп күткөн Ыйык Рамазан айынын кирип келерине 1 айдан кем убакыт калды. Ар бир мусулмандын 5 парзынын бирөө болгон орозо кармоонун мааниси - жөн гана тамак-аш, суусундуктардан баш тартуу эмес. Орозо кармоо 1 айдын ичинде өзүбүздүн ким экендигибизди, Жаратуучубузду таанып, жашоо тууралуу терең ой жүгүртүүгө багыттайт. Окумуштулардын адамдагы адаттар 21 күн, же 1 айдын ичинде калыптанары туурасында бир топ эмгектери бар. Анын сыңарындай, жан дүйнөнүн улуу мектеби болгон Рамазан айында адам өзүн жакшы жакка өзгөртүүсү толук мүмкүн.
1- Аллах Тааланы көп-көп эстөөгө шыктандырат.

Мусулмандар орозону, биринчи кезекте, арыктоо, же ден соолукка пайдалуу болгондугу үчүн кармашпайт. Алар орозону Аллах Тааланын ыраазычылыгына жетип, кечиримине ээ болушу үчүн кармашат. Аллах Таала пенделеринин орозосу Ал үчүн кармалганын жана анын сыйлыгын Өзү берерин убадалаган. Ошондой эле Жаратканыбыз орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Анын алдында мисктин жытынан да жыттуурак экендигин айткан. Мусулмандар орозосу үчүн чоң сооптор жазыларын эстеп, Жаратканына миң мертебе шүгүр айтышат.

2- Орозо адамды сабырдуулукка тарбиялайт.

Орозо бизди сабырдуулукка тарбиялайт. 1 күн бою эч нерсе ичпей, ачка жүрүү аркылуу адам баласы сабыр калганга үйрөнөт. Эгер бирөө анын ачуусуна тийсе, ал ошол адамга жаман сөз айтып, анын деңгээлине түшпөй, сабырдуулук менен ага көңүл бурбай, же жөн гана кечирип коюуну өздөштүрөт. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун): “Эгер аны менен бирөө урушса же кемсинтсе: «Мен орозомун, мен орозомун» - деп айтсын» деген.

3- Орозо сарамжалдуулукка тарбиялайт.

Орозо туткан адам эң жөнөкөй бир күкүм нан, бир тамчы суунун кадырын биле баштайт. Тойлордо баштык-баштык менен ыргытылган тамак-аштардын баркын түшүнөт.

4- Орозо адамды кайрымдуу кылат.

Кыргызда “Ач кадырын ток билбейт” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, 1 күн бою ачка жүргөн адам бир кесим нанга жетпей, ачка уктагандардын кайгысын түшүнө баштайт. Бул аны кайрымдуулукка үндөйт.

5- Орозо адамды кыйынчылыкка даярдайт.

Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот. Ошолордун бири – бир кесим нанга жетпей калган убактар. Орозо кармаган адамдын организми ачкачылыкты көтөрүүгө жөндөмдүү болуп калат. Анкени ал напсиси менен кантип күрөшүүнү билип, аң-сезимин контролдоо менен бул кыйынчылыкты жеңип чыгууга иммунитети калыптанган болот.

6- Орозо убакытты туура бөлүштүрүүгө үйрөтөт.

Орозо кармаган адам ооз бекитерде уктап калбасы үчүн жумуштарын убагында жасап, көп чарчабоого, уйку режимин контролдоого аргасыз болот. Орозо учурунда адам ар дайым күн чыкканга чейин туруп, башка айларда көрбөгөн жаратылыштын сулуулугун, күндүн чыгышын көрүп, андан өзгөчө энергия жана ырахат алат. Орозолуу адам күн сайын таң эрте ойгонуп жатып, ар дайым эрте турганга үйрөнөт.

7- Орозо адамдарды жакындары менен катташканга үйрөтөт.

Рамазанда бир тууган, дос, кошуналар бирин-бири ооз ачырууга чакырышат. Рамазан айынын өзгөчө атмосферасында, жайылган дасторкон үстүндө жакындарың менен жакшы нерселерди сүйлөшүп отуруу, ынтымак, достук, сүйүүнүн таасирин адам бүткүл жан дүйнөсү менен сезип, андан ырахат алат. Рамазан айы бүткөн соң да, ал балким, көр оокат менен жүрө бербей, мурдагыга караганда тууган-туушкандар менен бат-бат катташып турууну адат кылып алат.

8- Орозо адамды ушак, жалган сүйлөөдөн арылтат.

Ыйык Рамазан айынын ар бир мүнөтү баа жеткис кымбат. Анда адамдар болушунча көп сооп таап калууга аракеттенишет. Бул айда ушак, жалган сүйлөөгө такыр орун жок. Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) “Ким калп айтып ага амал кылганды жана наадандыкты таштабаса, Аллах анын тамак жана ичимдикти таштагандыгына муктаж эмес” деген хадисине амал кылып, бир ай бою жалган, ушак, сүйлөбөөгө аракет кылышат. Ал эми 1 айлык адат кийин жоголуп кетпей, уланышына кепилдик жогору.

Категория: 

Календарь

Пн
Вт
Ср
Чт
Пт
Сб
Вс
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 
June 2017
 

Ай календары

Джумадиль Аваль - Джумадиль Акхир 1439
Вс Пн Вт Ср Чт Пт Сб
15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12