Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Филиппиндерде армия жаңылыштык менен өз аскерлерин аткылады

Филиппиндерде аба күчтөрү ДЕАШ террордук уюм менен болгон кагылышууларда жаңылыштык менен өз аскерлерин бомбалап, 10 аскер каза болду.
Филиппиндерде Минданао аймагына караштуу Марави шаарында ДЕАШ террордук уюму менен байланышы болгон куралдуу күчтөр менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар улантылууда.

Филиппиндер аба күчтөрүнө таандык учактар жаңылыштык менен өз аскерлерин аткылады. Окуяда 10 аскер каза болуп, 8 аскер да жараланды.

Филиппиндер армиясынан берилген маалыматта куралдуу күчтөр жайгашкан аймактын аскердик учак тарабынан бомбаланган учурда аскерлердин буктурмалары да жаңылыштык менен атылгандыгы белгиленди.

Эбу Сеййаф жана Мауте топторуна караштуу куралдуу күчтөр 23 - майда Марави шаарын басып алган.

Коопсуздук күчтөрү операция баштаган шаардагы кагылышууларда ушул кезге чейин 129 кишинин каза болуп, 100 миң жарандын шаарды таштап кеткендиги билдирилди