Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Холера эпидемиясынан каза болгондордун саны өсүп баратат

Йемендеги холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 532ге жетти.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Йемен кеңсесинин интернет баракчасынан жарыялаган билдирүүсүнө караганда, Йемендин 253 аймагында 27-апрелден бери 65 миң 300дөн ашуун адамдын ооруну жугузганы катталды.

Билдирүүдө эпидемиянын себебинен көз жумгандардын саны 532ге жеткени белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму 29-майда Йеменде холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 473кө жеткенин жарыялаган болчу.

Йеменде эки жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан кагылышуулардын айынан өлкөнүн ичинде өз жеринен ажыраган 3 миллион киши, таза суунун жок болушунан жана таштандылардын чогултулбашынан күн сайын холерага кабылуу коркунучунда турат.