Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

“Мени эстегиле, Мен да силерди эстейм. Мага шүгүр кылгыла жана Мага каапырдык кылбагыла.” (Бакара 152-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Путин: Сирия өкмөтү күнөлүү эмес.

Орусия президенти айтты: Мен Башар Асаддын өкмөтү эч убакта химиялык курал колдонбогонуна толук ишенем. IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Владимир Путин франциялык Le Figaro гезитине берген маегинде мындай деген: Биз "химиялык курал колдонулду” деген күндүн эртеси эле Америкага жана бардык каалоочуларга атайын изилдөө тобун түзүп, окуянын чоо –жайын текшерүүсүн сунуштаган элек. Бирок эч бир тарап бул сунушту олуттуу кабыл алган жок. Ал кошумчалады: Мен ошондой эле химиялык чабуул жасалган жерге изилдөө тобун жиберүүнү сунуштаган элем, бирок бул сунуш дагы четке кагылды. Орусия президенти баса белгиледи: Бул план Башар Асадга кысым келтирүү жана сириялык армияга каршы тукуруу максатында аткарылган. Биздин маалыматтарга ылайык, Сирия өкмөтү эч кандай химиялык курал колдонгон эмес.