Тилдер

Аллах: "Мен силер менен биргемин

Албетте,бул Куран эң туура жолго баштайт. Жакшы иштерди кылгандарга чоң сыйлыктын бериле турганын сүйүнчүлөйт. (Хижр сүрөсү, 9-аят)

Намаз убактысы

Багымдат
03:23
Күн чыгышы
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:01
Шам
20:23
Куптан
22:10

Кабулда чет өлкөлүк элчиликтин жанында жардыруу болду

60 адам курман болуп, 70и жаракат алды. Бүгүн таң эрте Кабулдагы бир чет өлкөлүк элчиликтин жанында жардыруу болуп, 60 адамдын өмүрүн кыйып, 70тейин жарадар кылды. Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, бүгүн эртең менен жергиликтүү саат 8:12 мүнөттө Кабулдун “Вазир Акбархан” дипломатиялык аймагындагы Занбак кесилишинде бомба катылган бир жеңил унаа жарылган. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында 60 адам мерт кетип, 70тейи жаракат алышкан.
Бул жанкечтик жардыруу Ооганстандын ТИМи, Иран, Германия, Жапан элчилигине жана “Раушан” байланыш фирмасы, Улуттук Коопсуздук кеңсеси менен Ооганстандын телеканалдык борборуна жакын жерде болгон. Жардыруу катуу болгондуктан анын үнү башка шаарларга чейин угулган. Кабулдагы IRIB агенттигинин кабарчысынын айтымында жардыруудан Кабулдагы бул агенттиктин бөлүмү дагы жабыркаган.